Принц Селман "Жашыл Жакынкы Чыгыш" үчүн арап лидерлерге телефон чалды

Спутниктин кабарына караганда мураскер принц Катар, Кувейт, Бахрейн, Ирак жана Судан лидерлерине телефон чалды.

1610545
Принц Селман "Жашыл Жакынкы Чыгыш" үчүн арап лидерлерге телефон чалды

Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селмандын «Чоң аймактык дарак отургузуу проектин» сүйлөшүү үчүн 5 арап өлкөсүнүн лилерлерине телефон чалгандыгы белгиленди.

Спутниктин кабарына караганда мураскер принц Катар, Кувейт, Бахрейн, Ирак жана Судан лидерлерине телефон чалды.

Мамлекеттик маалымат агенттиги SPAнын кабарында  «Жакынкы Чыгыш жашылдандыруу демилгеси» деп аталган демилгенин аймактагы өлкөлөр менен биргеликте 50 миллиард бак-дарак отургузууну максат кылгандыгы белгиленди.

"Дүйнөдөгү эң ири токойлорду калыбына келтирүү программасы" деп аталган проектиде Сауд Аравиянын жакынкы он жылдыктарда 10 миллиард бак-дарак отургузаары жана жалпы 40 миллиард бак-дарактын көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтуу жана башка чөйрөлөрдүн булганышына каршы күрөшүү пландалгандыгы баса белгиленди.

SPAнын кабарына караганда проект ошол эле учурда нефть өндүрүүдө жаңыланууга боло турган энергиянын кошкон салымын арттырууну жана деңиз аянттарын сактоо максаттарын да камтууда.

Жашыл Саудия демилгеси Селмандын нефть кирешелерине болгон көз карандылыгын азайтуу жана турмуштук сапатын  жогорулатуу максатында түзгөн «2030 -  жылдын көз карашы» планынын бир бөлүгү.



Тектеш кабарлар