БУУ сириялыктар үчүн жардам берүүгө чакырды

БУУ  Брюсселдеги Сирия жыйынынан мурда жардамга муктаж 24 миллион сириялык үчүн 10 миллиард доллар жардам берүүгө чакырды.

1610405
БУУ  сириялыктар үчүн жардам берүүгө чакырды

БУУ  Брюсселдеги Сирия жыйынынан мурда жардамга муктаж 24 миллион сириялык үчүн 10 миллиард доллар жардам берүүгө чакырды.

БУУнун гуманитардык маселелер боюнча координациялык бюросу, БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты жана БУУнун Өнүктүрүү программасы биргелешкен билдирүү жарыялап, эл аралык коомчулуктан миллиондогон сириялыктарга карата жардамдарды көбөйтүүнү талап кылды.

Сириялыктардын  ачарчылык жана жакырдык менен бетме  - бет экендиги белгиленген маалыматта коңшу өлкөлөрдүн ар бир 5 сириялыктын төртүүсүн кабыл алгандыгы билдирилди.

Өлкөдө жана коңшу өлкөлөрдө жардамга муктаж сириялыктардын саны быйыл 20 миллиондон 24 миллионго  көбөйгөнү маалымдалган билдирүүдө, 2021-жылы сириялыктардын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 10 миллиард долларга муктаждыктын бар экендиги,   4,2 миллиард доллардын Сирия ичинде, 5,8 миллиард доллардын болсо коңшу өлкөлөрдөгү качкындар үчүн колдонулары белгиленди.  

 



Тектеш кабарлар