АКШда тик учар кырсыкка учурады

Кырсыкта 5 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алды.

1610169
АКШда тик учар кырсыкка учурады

АКШнын Аляска штатындагы Кник мөңгүсү аймагында тик учар кырсыкка учурады. Кырсыкта 5 адам каза болуп, 1 адам оор жаракат алды.

АКШнын Аляска штатындагы Анкориджден 80 чакырым чыгыш тараптагы Кник мөңгүсү аймагында Eurocopter AS50 тик учагы белгисиз себептерден улам кырсыкка учураган.

Кырсык кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 18: 35те Бьютте жакындарында болду.

Кырсык болгон жерге Аляскадагы Куткаруу Координациялык борборунун куткаруу тобу келди.

Азырынча каза болгондордун аты – жөнү билдирилбестен, Улуттук транспорт коопсуздугу башкармалыгынын жол кырсыгы боюнча иликтөө баштагандыгы жарыяланды.

 

 



Тектеш кабарлар