Украина Түркиядан алган учкучсуз учуучу аппараттарын сынады
Бул тууралуу маалымат Украинанын Коргоо министрлигине караштуу ArmyInform маалымат агенттигинин жаңылыктарында орун алды.
Украинанын армиясы, Түркиядан алган Байрактар TB2 үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппаратты Кара деңиздеги машыгуунун алкагында сынады.
Украинанын Коргоо министрлигине караштуу ArmyInform маалымат агенттигинин жаңылыктарында, «Байрактар TB2 учкучсуз учуучу аппараттары Украинанын негизги аймагынан Кара деңиздин Тендра аралына учуп барышты. Аппараттар маневр жасоого байланыштуу ар кандай окуу тапшырмаларын аткарышты»,-делди.
Тендра аралындагы көп багыттуу деңиз полигонунда ар кайсы деңиз бөлүктөрү машыгуудан өтүп, согушка даярдыгын арттыргандыгы белгиленип, Украинанын деңиз флотунун үстүбүздөгү жылдын ичинде узунураак учуу аралыгы сыяктуу жакшыртылган өзгөчөлүктөрү менен Байрактар TB2 учкучсуз учуучу аппараттарынын бир флотун алары белгиленди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.