Индонезияда чиркөөгө бомбалуу кол салуу болду

Түштүк Сулавеси полициясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Э.Зулпан, алдын ала иликтөөлөргө ылайык окуя жанкечтилик кол салуу болгонун жарыялады.

1609765
Индонезияда чиркөөгө бомбалуу кол салуу болду

Индонезиянын Түштүк Сулавеси провинциясынын борбору Макассарда чиркөөнү бутага алган бомбалуу кол салуу болду.

Түштүк Сулавеси полициясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Э.Зулпан, алдын ала иликтөөлөргө ылайык окуя жанкечтилик кол салуу болгонун жарыялады.

Макасар шаарынын мэри Мухаммед Рамадан Поманто, чиркөөнү бутага алган кол салууда жекшемби күнкү массалык сыйынууга катышкандардын абалы жакшы экендигин билдирди.

Коомчулукту социалдык тармактардагы расмий булактарга негизделбеген маалыматтарга ишенбөөгө жана тынчтанууга үндөгөн Поманто, аймактагы коопсуздук күчөтүлүп, тергөө иштери уланып жаткандыгын айтты.

Полиция кызматкерлери ошондой эле жарылуу болгон жерден табылган дененин бөлүктөрү кол салган адамга же башка бирөөгө таандык экендигин териштирүүнүн уланып жатканын билдиришти.



Тектеш кабарлар