ДССУ жакыр өлкөлөргө шашылыш түрдө вакцина берүү чакырыгын салды

ДССУ бай өлкөлөргө чакырык салып бул өлкөлөр «өз милдеттерине ылайык» иш алып барышы керек деп билдирди.

1609901
ДССУ жакыр өлкөлөргө шашылыш түрдө вакцина берүү чакырыгын салды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) күчөп кетүү коркунучу алдында турган жыйырма өлкө ушул кезге чейин эмделип келе жаткан ковид-19 вакциналарынын бирине дагы жетише албай калгандыгын жарыялап, «шашылыш» түрдө вакцина чыгаруучу өлкөлөрдү кайрымдуулукка чакырды.

ДССУ бай өлкөлөргө чакырык салып бул өлкөлөр «өз милдеттерине ылайык» иш алып барышы керек деп билдирди.

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейисус билдиргендей, бул жыйырма мамлекет шашылыш түрдө он миллион доза вакцинага муктаж.

ДССУнун Башкы катчысы эл аралык КОВАКС (COVAX) демилгеси аталган өлкөлөргө вакциналар менен камсыз кылууга даяр экендигин, бирок дүйнө жүзү боюнча вакцина жарышы сунушту жайлатып жаткандыгын эскертти.

Эки тараптуу келишимдер, экспортко тыюу салуу жана вакцина улутчулдугу рыноктун тең салмактуулугун бузуп, суроо-талап менен сунуштун ортосунда «өтө чоң дисбаланс» жаратып жаткандыгын белгилеген ДССУнун Башкы катчысы Гебрейисус: «10 миллион доза ашыкча эмес жана эч кандай шартта жетишсиз»,-деди.



Тектеш кабарлар