Украинанын Крымды бошотуу стратегиясы
Украинанын Президенттигинин билдирүүсүндө, Зеленский кол койгон жарлыктын негизинде күчүнө кирген стратегиянын, Украина армиясындагы жана коргонуу тармагындагы артыкчылыктары жана максаттары аныкталгандыгы айтылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, Россия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган Крымды бошотууну максаттаган Аскердик коопсуздук стратегиясын бекитти.
Украинанын Президенттигинин билдирүүсүндө, Зеленский кол койгон жарлыктын негизинде күчүнө кирген стратегиянын, Украина армиясындагы жана коргонуу тармагындагы артыкчылыктары жана максаттары аныкталгандыгы айтылды.
Билдирүүдө Украинанын ар тараптуу коргонуусунун Бириккен Улуттар Уюмунун уставында кепилденген, ар бир өлкөнүн кол салуудан коргонуу укугунун принцибине туура келгендиги белгиленди.
Стратегиянын Украинанын улуттук кызыкчылыктарын аскердик коркунучтардан коргоого багытталгандыгы маалымдалган билдирүүдө: «Россия Федерациясы тарабынан убактылуу оккупацияланган Украинанын айрым аймактарынын басып алуудан бошотулушу жана Украинанын эгемендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнүн сакталышы максатталууда» деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.