Тунисте коменданттык саат дагы эки жумага узартылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Насаф бин Алиййе эпидемияга каршы күрөшүү жаатында көрүлгөн жаңы чараларга байланыштуу маалымат берди.

1609544
Тунисте коменданттык саат дагы эки жумага  узартылды

Тунистин саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде  дүйшөмбүдөн тарта жарым-жартылай коменданттык саатты эки жумага узартуу чечимин чыгарды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Насаф бин Алиййе борбор шаар Тунисте өткөргөн пресс-конференцияда эпидемияга каршы күрөшүү жаатында көрүлгөн жаңы чараларга байланыштуу маалымат берди.

Өлкөдөгү жарым-жартылай коменданттык сааттын 11-апрелге чейин узартылгандыгын айткан Алиййе, коменданттык саат жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 22: 00дөн таңкы 06: 00гө чейин болорун билдирди.

Алиййенин айтымында, жайылуу ылдамдыгы жогорулаган жерлерде толугу менен жабылуунун болушу мүмүкн экендигин айтты.



Тектеш кабарлар