Кытай : "Ковид - 19дун лабораториядан чыгуу ыктымалы жок"

Тышкы иштер министри Ян Тао : «Кытай эпидемия менен так түрдө күрөштү жана жашыра турган эч нерсе жок»,- деди.

1609468
Кытай : "Ковид  - 19дун лабораториядан чыгуу  ыктымалы жок"

Кытай жаңы тип коронавирустун лабораториядан чыгуу ыктымалынын мүмкүн эмес экендигин жарыялады.

Кытайлык жетекчилер Ковид  - 19дун булагы тууралуу ДСУ тарабынан билдирилиши күтүлүп жаткан отчеттон мурда жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тууралуу 50 өлкөдөн өкүлдөр катышкан жыйында маалымат беришти.

Вирустун жарганаттан адамга жуккандыгын же жарганаттын бир сүт эмүүчүгө, андан да адамга өткөндүгү болжолдолуп жаткандыгын айткан Кытай ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунун төрагасынын орун басары Фын Цицян вирустун тоңдурулган азыктар аркылуу жугушу мүмкүн экендигин да айтты.

Фын вирустун лабораториядан чыгуу ыктымалынын мүмкүн эмес экендигин белгиледи. Тышкы иштер министри Ян Тао : «Кытай эпидемия менен так түрдө күрөштү жана жашыра турган эч нерсе жок»,- деди.



Тектеш кабарлар