Колумбияда бомба жүктөлгөн унаа жардырылды

Жетекчилер окуяны террордук кол салуу деп билдиришти.

1609394
Колумбияда бомба жүктөлгөн унаа жардырылды

Колумбиянын түштүк-батышындагы Каукага караштуу Коринто районундагы мэриянын жанында бомба жүктөлгөн унаанын жарылуусунан көпчүлүгү муниципалдык кызматкерлер болгон 17 адам жаракат алды.

Жетекчилер окуяны террордук кол салуу деп билдиришти.

Жаракат алгандар чөйрөдөгү ооруканаларга жеткирилди.

Жарылуунун айынан жакын жердеги үйлөр жана жумуш орундары олуттуу зыянга учурады.

Президент Иван Дуке Твиттердеги баракчасынан жасаган билдирүүсүндө кол салууну айыптап: «Терроризм - коркоктордун куралы. Коопсуздук күчтөрүнө кылмышкерлерди табуу боюнча тапшырма бердим. Кайда болсо дагы биз терроризмге каршы күрөштү улантабыз», деди.



Тектеш кабарлар