АКШда ачкачылык жана үй-жайсыз калуу тынчсыздануусу

Америкалыктардын 55 пайызы үйүнөн ажырап, ачка калуудан коркушат.

1609371
АКШда ачкачылык жана үй-жайсыз калуу тынчсыздануусу

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) калктын жарымынан көбү ачкачылык жана үй-жайсыз калуудан тынчсыздангандары белгиленди.

Вашингтондогу Gallup изилдөө компаниясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, америкалыктардын 55 пайызы үйүнөн ажырап, ачка калуудан коркушат. Бул көрсөткүч акыркы 20 жылдагы эң жогорку пайызга туура келет.

Баш калкалоо жана ачарчылыктан корккондордун саны коронавирус (Ковид-19) күчөгөн 2020-жылга салыштырмалуу 8 пайызга көбөйдү.

Өлкөнүн экономикасына тынчсыздангандардын көрсөткүчү да былтыркы жылга салыштырмалуу 16 баллга өсүп 49 пайызга жетти.

Республикачылардын 58 пайызы экономикалык кырдаалга тынчсызданса, демократтардын 40 пайызы экономикага позитивдүү карагандарын билдиришти.



Тектеш кабарлар