Жо Байден Афганистандан чыгуу тууралуу билдирди

Жо Байден кызматынын 65 -  күнүндө алгачкы расмий  пресс  - жыйынын Ак үйдө өткөрдү.

1608722
Жо Байден Афганистандан чыгуу тууралуу билдирди

АКШнын президенти Жо Байден 1 -  майга чейин Афганистандан чыгуунун кыйын экендигин бирок бул өлкөдө узун убакытка туруу ниеттеринин  жок экендигин билдирди.

Жо Байден кызматынын 65 -  күнүндө алгачкы расмий  пресс  - жыйынын Ак үйдө өткөрдү. Байден АКШнын Афганистандагы аскерлерди 1 -  майга чейин толугу менен чыгаруу планына байланыштуу : «1-майга чейин тактикалык себептерден улам бардык аскерлерибизди чыгарып кетүү кыйын, бирок биз бул жерде көпкө туруу ниетинде эмес экенибизди  айта алам»,- деди.

Бир журналисттин : «Келерки жылы да АКШны Афганистанда көрө алабызбы»,- деген суроосуна Байден : «Андай картинаны тарта албайм»,- деп жооп берди.

Жо Байден өзүнүн жеке пландары боюнча берилген суроого : «2024 -  жылдагы шайлоо үчүн кайрадан талапкер болууну ойлоп жатам»,- деди.

78 жаштагы Жо Байдендин жыйында : «120 жыл мурда сенатка киргенимде»,- деп айтуусу соцтармакта күн тартибине кирди.



Тектеш кабарлар