Египетте поезд кырсыгы: 32 адам каза болду

Жүргүнчү ташыган эки поезддин кагышканы белгиленди.

1609225
Египетте поезд кырсыгы: 32 адам каза болду

Египеттин түштүгүндөгү поезд кырсыгынан 32 адам каза болуп, 66 адам жаракат алды.

Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Нил дарыясынын жээгиндеги Сухак шаарынын Тахта районунда жүргүнчү ташыган эки поезддин кагышканы белгиленди.

Билдирүүдө, кырсыктан 32 адам каза болуп, 66 адамдын жаракат алганы кабарланды.

3 вагон жолдон чыгып кеткен окуя боюнча тергөө иштери башталды.

Египетте темир жолдорунун эски болушунан улам акыркы мезгилде кырсыктар көбөйгөнү белгиленди.

2020-жылдын 9-декабрындагы поезд кырсыгында да 22 адам жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар