COVAX: Африкада 44 өлкөгө Ковид-19 вакцинасы жөнөтүлдү

ДССУ 44 өлкөнүн 32синде эмдөө процессинин башталгандыгын да кабарлады.

1608802
COVAX: Африкада 44 өлкөгө Ковид-19 вакцинасы жөнөтүлдү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөр үчүн вакциналарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган Ковид-19 вакциналарынын глобалдык мүмкүндүк алуу программасынын алкагында Африканын 44 өлкөсүнө коронавирустук вакциналар жөнөтүлдү.

ДССУнун Африка боюнча Твиттер баракчасынан жасалган билдирүүдө, ушул кезге чейин 7,7 миллион доза вакцинанын кооптуу аймактарга жеткендиги кабарланды.

Билдирүүдө: «Ковид-19 вакциналарынын глобалдык мүмкүндүк алуу программасынын (COVAX) алкагында Африканын 44 өлкөсү вакциналарды кайрымдуулук жана эки тараптуу келишимдердин жардамы менен алышты» деп маалымдалды.

ДССУ 44 өлкөнүн 32синде эмдөө процессинин башталгандыгын да кабарлады.

Билдирүүдө ошондой эле вакцина менен камсыздоодогу кыйынчылыктарга көңүл бурулуп, Африкада Ковид-19 вакциналарын көбөйтүү керектиги баса белгиленди.

Африканын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору, Европа баш болгон дүйнөнүн ар кайсы аймактарында Ковид-19 вакциналарын жеткирүүдөгү кыйынчылыктар Африка өлкөлөрүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эскертти.

Учурда 4 миллион 168 миң учур катталган континентте, каза тапкандардын саны 111 миңден ашты.



Тектеш кабарлар