Түндүк Корея Япон деңизине баллистикалык ракета учурду

Япония Түндүк Кореяны айыптады.

1608049
Түндүк Корея Япон деңизине баллистикалык ракета учурду

Япониянын премьер-министри Суга Йошихиде, Түндүк Кореянын Япон деңизине эки баллистикалык ракета учургандыгын билдирди.

Улуттук коопсуздук кеңешинде өткөргөн чукул жыйынынан кийин сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр Суга, Түндүк Корея тарабынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 07.04 жана 07.23тө учурулган эки башка баллистикалык ракетанын Япониянын аймактык суулары жана эксклюзивдүү экономикалык аймактын тышына түшкөндүгүн билдирди.

Суга Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарды учуруусуна тыюу салган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин токтомунун бузулушун кескин айыптап: «Бул кадам Япониянын жана тегерегиндеги аймактардын тынчтыгы менен коопсуздугуна коркунуч туудурат. Ракета учуруу БУУнун токтомун бузат, биз кескин айыптайбыз жана нааразычылык билдиребиз»,-деди.

Өкмөттүн кадамын Улуттук коопсуздук кеңешинде талкуулагандарын белгилеген Суга, бул темадагы маалыматты тереңдетип коомчулукка жеткирүүнү буйрук кылды.

Суга Түндүк Кореяга каршы жүргүзүлө турган саясаттарды апрель айында Вашингтондо жолугуша турган АКШнын президенти Жо Байден менен талкуулай тургандыгын айтты.

Киодо агенттигинин өкмөттүк булактарга таянып берген кабарына ылайык, ракеталардын биринчиси 420 чакырымга, экинчиси 430 чакырымга жетип, кандайдыр бир учакка же кемеге зыян келтирген жок.

Тышкы иштер министрлигинин кызматкеринин маалыматына караганда, Япон өкмөтү Пекин элчилиги аркылуу Түндүк Кореяга нааразычылык нотасын жолдогон болчу.



Тектеш кабарлар