ТИКА Бангладештеги 20 миң качкынга ысык тамак берет

ТИКА өрттөн жабыркаган аракандык качкындарга тамак таратуу үчүн 24 саат бою иштей берет.

1608450
ТИКА Бангладештеги 20 миң качкынга ысык тамак берет

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) Бангладештеги аракандык мусулман качкындар жашаган Кокс Базардагы лагерде чыккан өрттө үй-жайсыз калган болжол менен 20 миң кишиге күнүнө 2 маал ысык тамак берет.

Кыска убакыттын ичинде аймакта ишке киришкен ТИКА Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 20 миңге жакын качкынга күнүнө 2 маал ысык тамак берет.

Бангладеш жетекчилиги тарабынан ысык тамак жеткирүүнүн болжол менен 15 күнгө созулары болжолдонууда.

Бул мезгилде ТИКА өрттөн жабыркаган аракандык качкындарга тамак таратуу үчүн 24 саат бою иштей берет.

Бурма адам укуктары тармагынын аткаруучу директору Кяв Вин өз билдирүүсүндө 23-мартта Кокс Базардагы Балухали лагеринде чыккан өрттө 28 адамдын каза болгонун, 40тан ашуун адамдын жаракат алганын жана болжол менен 15 миң баш калкалоочу жайдын жок болгонун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Бангладештеги өкүлү Йоханнес Ван дер Клааув да өрттөн кийин 400 кишинин дайынсыз болуп жатканын айтты.



Тектеш кабарлар