Колумбияда сел: 45 адам каза болду

Cелдерде 45 адамдын каза тапкандыгы, 23 кишинин жаракат алгандыгы жана 3 кишинин дайынсыз экендиги белгиленди.

1608023
Колумбияда сел: 45 адам каза болду

Түштүк Америка өлкөсү Колумбияда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп 45 адам каза болду.

Өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, Өзгөчө кырдаалдар агенттиги (UNGRD) жаан-чачындуу мезгил башталгандан бери өлкөнүн көпчүлүк аймактарында дарыялар ташкындап, жер көчкүлөр жүргөндүгүн кабарлады.

Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүнө таасирин тийгизген ашыкча жаан-чачындын кесепетинен болгон селдерде 45 адамдын каза тапкандыгы, 23 кишинин жаракат алгандыгы жана 3 кишинин дайынсыз экендиги белгиленди.

Селден 3 миң 451 үй-бүлө жабыркап, 36 миң адамдын эвакуациялангандыгы маалымдалды.

Колумбиянын ири аймактарынан Антиокия, Валле-дель-Каука, Нарино, Хуила жана Кундинамарка жаан-чачынга көбүрөөк дуушар болушту.

Жетекчилер калкты жаан-чачын мезгилине байланыштуу арыктардан жана дарыя жээктеринен алыс болууга чакырды.



Тектеш кабарлар