Владимир Путин дагы 2 мезгил президенттик кызматты аткара алат
Шайлоо жана жалпы элдик добуш берүү мыйзамдарын Россиянын Конституциясына шайкеш келтирген мыйзам долбоору Дума тарабынан кабыл алынды.
Россияда Владимир Путин дагы эки мезгил президенттик кызматты аткара алат. Парламенттин астыңкы палатасы Дума тиешелүү мыйзамды жактырды.
Шайлоо жана жалпы элдик добуш берүү мыйзамдарын Россиянын Конституциясына шайкеш келтирген мыйзам долбоору Дума тарабынан кабыл алынды.
Жобого ылайык, президенттик кызматты аткарган адамдар мурунку ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө карабастан кайрадан талапкер көрсөтүлө алат.
Тиешелүү берене Конституцияны өзгөртүү боюнча 1-июлда өткөн референдумга киргизилген.
Күчүнө кирген мыйзам менен Владимир Путин 2024 - жана 2030 -жылдардагы шайлоолордо кайрадан талапкер болуп, шайланып калса, 6 + 6 жыл президенттик кызматты аткара алат.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.