Сасык тумоо вирусу Ковид - 19дун жолун тосту

Шотландиядагы Глазго университетинин окумуштуулары сасык тумоого себеп болгон риновирустун  Ковид -19ду артта калтыргандыгын  билдиришти.

1607521
Сасык тумоо вирусу Ковид  - 19дун жолун тосту

Сасык тумоого себеп болгон риновирустун Ковид  - 19ду жеңип, клеткалардын алдын жапкандыгы билдирилди.

Шотландиядагы Глазго университетинин окумуштуулары сасык тумоого себеп болгон риновирустун  Ковид -19ду артта калтыргандыгын  билдиришти.

Кыска убакытка болсо да риновирустун Ковид  - 19ду токтото алары билдирилди. Сасык тумоо ар дайым өзүмчүл  вирус катары белгилүү.

Глазго вирус изилдөө борборундагы группа дем алуу жолдорунун бир эле типтеги клеткалардан жасалган каптамасынын көчүрмөсүн колдонуп, ага эң көп тараган инфекциялардын бири - Sars-CoV-2 жана риновирусту жуктурушкан. Риновирус жана Sars-CoV-2 бир эле учурда чыгарылып, риновирус жарышта жеңишке жетип, клеткаларга кирип коронавирустун кирүү жолун жапты.

Мындан мурда да ушундай таасирлердин болгондугун белгилеген окумуштуулар 2009  - жылы риновирус эпидемиясынын Европанын айрым аймактарында чыккан чочко тумоосу эпидемиясын кечеңдетиши мүмкүн  экендигин баса белгилешүүдө.



Тектеш кабарлар