Путин Ковид - 19 вакцинасын алды

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков : «Кайсы вакцинанын берилгендигин өзү менен дарыгери гана билет»,- деди.

1607802
Путин Ковид  - 19 вакцинасын алды

 Россиянын президенти В. Путин коронавируска каршы вакцинасын алды.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков журналисттерге берген маалыматында Путинге кечээ бир орус вакцинасынын биринчи дозасынын берилгендигин, үч жумадан кийин экинчи дозанын берилерин айтты.

Путинге кайсы вакцинанын берилишин билдирүүнү четке каккан Песков : «Кайсы вакцинанын берилгендигин өзү менен дарыгери гана билет»,- деди.

Песков кечээ берген билдирүүсүндө да Путиндин кайсы вакцинаны алгандыгына байланыштуу маалымат бербестен, Путиндин вакцина алгандан кийин өзүн жакшы сезгендигин айткан. Путиндин вакцина алганы да маалымат каражаттарына ачык болгон эмес.



Тектеш кабарлар