Малайзияда тик учар кырсыкка учурады
Кырсыкта 5 адам жаракат алды.
1607536
Малайзиянын Селангор штатында кырсыкка учураган тик учардагы 5 адам жаракат алды.
Селангор издөө - куткаруу бөлүмү Субанг аэропортунан учкан Airbus H125 тик учары абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.18де кырсыкка учурагандыгын жарыялады.
Билдирүүдө тик учактагы 1 адамдын башынан, 1 адамдын бутунан жаракат алганы, калган 3 адамдын жеңил жаралануу менен кырсыктан кутулгандыгы маалымдалды. Жаралуулар ооруканага жеткирилип, полиция окуя болгон жерде изилдөө жүргүзүп; тик учардын өрттөнбөгөндүгүн, кырсыктын себеби изилденип жаткандыгын билдирди.
Кырсык акыркы 5 айда Малайзияда болгон 6-тик учар кырсыгы болуп катталды.