Израиль согуштук учактары менен Газаны бомбалады

Израиль армиясынын катчысы Авичай Адраи социалдык медиа эсебинен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, истребителдер жана тик учактар ракета чыгаруучу чекитке жана Хамаска таандык аскердик жайга чабуул жасаганын жарыялады.

1607237
Израиль согуштук учактары менен Газаны бомбалады

Израиль дагы бир жолу блокададагы Газа тилкесине кол салды.

Блокадага алынган Газанын түндүк жана борбордук бөлүктөрүнө Израилдин кол салууларында адам өмүрү кыйылып же жаракат алганы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Израиль армиясынын катчысы Авичай Адраи социалдык медиа эсебинен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, истребителдер жана тик учактар ракета чыгаруучу чекитке жана Хамаска таандык аскердик жайга чабуул жасаганын жарыялады.

Адраинин айтымында, кол салуу Газадан Израилге карай кечээ кечинде учурулган ракетага каршы жасалган.

Израил армиясы кечээ кечинде Газадан Израилдеги ачык аянтка ракета атылгандыгын жарыялады.

Газадан бул кыймылды моюнга алган топ болгон жок.



Тектеш кабарлар