Францияда ПККга мүчө 10 киши кармалды

Француз басылмаларынын соттук  булактарга таянган кабарында, Париждеги антитеррордук соттун талабы менен ПККга каршы операция жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

1607514
Францияда ПККга мүчө 10 киши кармалды

Француз полициясы тарабынан уюштурулган операцияда жикчил террордук уюм ПККнын 10 мүчөсү кармалды.

Француз басылмаларынын соттук  булактарга таянган кабарында, Париждеги антитеррордук соттун талабы менен ПККга каршы операция жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

«Террордук уюмду түздү жана каржылаган» деген айып менен ачылган тергөө иштеринин алкагында 10 адам кармалганы, алардын бири аял экени айтылды.

Операциянын жүрүшүндө үйлөргө да тинтүү жүргүзүлгөнүн белгилеген басма сөз каражаттары, Франциянын түштүк-батышында 2020-жылдын 21-февралында жикчил террордук уюм ПККны каржылаганы үчүн 4 кишиге иш козголгонун эске салды.

Былтыр ачылган тергөө менен полиция жүргүзгөн операциянын ортосунда кандайдыр бир байланыш бар-жогу белгисиз экени айтылды.

 



Тектеш кабарлар