Этна жанар тоосу күл жана лава сапырууну улантууда

Тоодон сапырылган күлдүн  4-6 чакырымга чейин көтөрүлгөнү спутниктен даана көрүнгөндүгү билдирилди.

1607831
Этна жанар тоосу күл жана лава сапырууну улантууда

Италиянын түштүгүндөгү активдүү вулкандардын бири Этна кайрадан лава жана күлдү сапырды.

Италиянын басма сөзүндө жарыяланган маалыматтарга караганда, Сицилиядагы 3326 метр бийиктиктеги Этна жанар тоосу 16-февралдан бери 16-жолу лава жана күл сапырды. Жанар  тоонун активдүү   түштүк-чыгыш кратеринде болгон жарылуудан улам  тоонун боорунан лаванын аккандыгы байкалды.

Тоодон сапырылган күлдүн  4-6 чакырымга чейин көтөрүлгөнү спутниктен даана көрүнгөндүгү  жана  Катания шаарынын аба мейкиндигине кызыл коддуу эскертүү берилгендиги билдирилди.

Катания аэропортунун учуп-конуучу тилкеси вулкан чачкан күлдүн айынан күлгө толуп, түн ичиндеги каттамдардын токтотулгандыгы,  учуп-конуу тилкесинин тазалангандыгы белгиленди.

Этнадагы вулкандык активдүүлүккө чейин жана андан кийин тоонун айланасында вулкандык жер титирөөнүн катталгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар