Австралияда селден кийин уулуу жөргөмүштөр тууралуу эскертүү берилди

Жөргөмүштөр чагып алган   кишинин 10 минутанын ичинде каза болуп калышы мүмкүн экендиги айтылууда.

1607818
Австралияда  селден кийин уулуу жөргөмүштөр тууралуу эскертүү берилди

Австралияда болгон сел апааты бир кишинин өлүмүнө себеп болду. Жетекчилер Сиднейдин түндүк батышында сел сууларынын ортосунда калган унаада бир кишинин сөөгүнүн табылгандыгын  билдиришти.

Сел апааты болгон өлкөдө уулуу жөргөмүштүн түрүнө каршы эскертүү берилди.

Австралия сойлоочулар паркынын жетекчилери берген маалыматта абанын ысышы жана жогорку нымдуулук деңгээлинин өлүмгө алып баруучу  уя  - жөргөмүштөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөндүгүн белгилешти.

Жетекчилер сел апааты менен жашоо чөйрөлөрү бузулган жөргөмүштөрдүн отурукташуу жерлерине кире аларын жана суу астында калган жерлерде этият болуу керектиги боюнча жарандарды эскертишти.

Жөргөмүштөр чагып алган   кишинин 10 минутанын ичинде каза болуп калышы мүмкүн экендиги айтылууда.

Сиднейдин батышынын акыркы 50 жылдын эң катуу сел апааты менен бетме  - бет келгендиги белгиленди.

Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы табигый кырсыктан жапа чеккен  18000 адам эвакуацияланды.



Тектеш кабарлар