Россия менен Кытай АКШга чакыруу салды

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг И жана Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШга  Иран атомдук келишимине шартсыз кайтуу тууралуу чакыруу салды.

1606747
Россия менен Кытай АКШга чакыруу салды

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг И жана Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШга  Иран атомдук келишимине шартсыз кайтуу тууралуу чакыруу салды.

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг И Кытайга сапар менен барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, өлкөлөрүнүн АКШ менен карым  - катнаштарындагы абалдар тууралуу пикир алышты.

Министрлер Кытай менен Россиянын эл аралык жана регионалдык маселелердеги иштерде Кытай менен Россиянын жалпы кызыкчылыктарын талкуулап, бир пикирге келишти.

Жолугушууда АКШнын акыркы жылдарда жасаган иштери глобалдык тынчтык жана өнүгүүгө зыянын тийгизгендиги белгиленди жана АКШнын бир тараптуу бейбаштыкты, башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүнү жана  чакан каршылык топторун түзүүнү токтотушу керектиги  баса белгиленди.

Ирандын атомдук маселеси да каралган жолугушууда АКШнын эртерээк жана шартсыз түрдө Иран атомдук келишимине кайрадан кайтышы жана бул өлкөгө салган бир тараптуу санкцияларды жоюушу керектиги билдирилди.

 Ирандын келишимди кенен түрдө ишке ашырып, колдоого алынышы керектигин жана келишимдин атомдук куралдардын жайылышына тоскоол болууда ылайыктуу ролду ойношу күтүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Региондогу өлкөлөрдүн коопсуздук маселелеринин чечилиши үчүн «аймактык коопсуздук жана диалог платформасынын» курулушу да сунуш кылынды.

Афганистан маселесинде ар кандай эл аралык аракеттердин маанилүү экендиги белгиленген жолугушууда,  бул аракеттердин тынчтык, элдешүү жана калыбына келтирүү процессин тездетүүсүн күтүшкөндүгү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар