Израиль күчтөрү палестиналыктарга кийлигишти
Палестиналыктар болсо Израиль аскерлерине таш ыргытып же резиналарды өрттөө менен каршылык көрсөттү.
Израиль күчтөрү оккупацияга алган Батыш Шерианын Наблус шаарына караштуу Бейта аймагында еврей отурукташуучулардын тартып алуусуна каршы Ел – Урме дөңсөөсүндө күзөттө турган палестиналыктарга кийлигишти.
Көргөн күбөлөрдүн берген маалыматына караганда Израиль аскерлери палестиналыктарды Урме дөңсөөсүнөн алыстатуу үчүн пластикалык ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду.
Палестиналыктар болсо Израиль аскерлерине таш ыргытып же резиналарды өрттөө менен каршылык көрсөттү.
Бейта муниципалитетинин төрагасы Фуад Меали ондогон еврей отурукташуучунун бүгүн Урме дөңсөөсүнө келүүнү пландагандыгын айтты.
Еврей отурукташуучулар 2020 - жылдын март айынан бери өздөрү үчүн ыйык жер экендигин айткан Урме дөңсөөсүнүн 9 000 метр квадраттык аянтын алууга аракет кылууда.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.