ДССУ бай өлкөлөр менен жакыр өлкөлөрдүн ортосундагы эмдөө ажырымына көңүл бурду

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейисус бай өлкөлөрдө колдонулган Ковид-19 вакциналарынын саны менен жакыр өлкөлөргө берилген вакциналардын санынын ортосундагы ажырым күн өткөн сайын өсүп баратканын билдирди.

1606745
ДССУ бай өлкөлөр менен жакыр өлкөлөрдүн ортосундагы эмдөө ажырымына көңүл бурду

Бай өлкөлөрдө колдонулган жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) вакциналары менен жакыр өлкөлөр колдонгон вакциналардын санынын ортосундагы айырма күн санап өсүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейисус бай өлкөлөрдө колдонулган Ковид-19 вакциналарынын саны менен эл аралык Ковид-19 Вакциналарынын Глобалдык Камсыздоо Программасы (COVAX) тарабынан жакыр өлкөлөргө берилген вакциналардын санынын ортосундагы ажырым күн өткөн сайын өсүп баратканын билдирди.

Гебрейисус уюмдун Швейцариядагы башкы кеңсесинде видео ыкманы колдонуп пресс-конференция өткөрдү.

Кээ бир өлкөлөрдүн ысымдарын атабастан, бардык калкына эмдөө жүргүзүү үчүн атаандашып жатышканын белгилеген Гебрейисус, кирешеси төмөн өлкөлөрдө эмдөө эмдигиче баштала электигине көңүл бурду.

Түштүк Корея кирешеси жогору өлкө болгону менен, вакцина өндүрүүчүлөр менен эки тараптуу келишим түзбөгөнүн жана вакциналарды COVAX компаниясынан күтүп жаткандыгын белгилеген Гебрейисус, бай өлкөлөргө үлгү катары Түштүк Кореяны атады.

Экинчи жагынан, Гебрейисус Англиянын Оксфорд университетинин фармацевтикалык компаниясы AstraZeneca менен иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасынын Америка Кошмо Штаттарында жүрүп жаткан 3-фаза изилдөөлөрүндө 79 пайыз натыйжалуу болгону билдирилгенин эске салган Гебрейисус, эң негизгиси ушул вакцинанын «кан уюп калуу коркунучун жогорулатпаганын» баса белгилеп, «Бул маалыматтар AstraZeneca вакцинасынын коопсуз жана натыйжалуу экендигинин дагы бир далили»,-деди.

Ошол эле учурда, ДССУнун башкы директорунун орун басары Др. Мариангела Симао Африканын бир дагы өлкөсү AstraZeneca вакцинасын четке какпагандыгын билдирди.

Симао бул вакцина боюнча коопсуздук маселелери бүттү деп белгилеп, «Баары мурдагы калыбына келди, Африка континентинде AstraZenecaдан баш тарткан өлкө жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар