Багдатта бомбалуу кол салуу болду

Кол салууда бир кишинин каза болуп, үч кишинин жаралангандыгы билдирилди.

1606878
Багдатта бомбалуу кол салуу болду

Ирактын борбор шаары Багдатта болгон бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда бир киши каза болуп, үч киши жараланды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган кабарга караганда Багдаттын түштүк чыгышындагы Мештел аймагында жарылуучу зат жүктөлгөн бир мотоцикл жардырылды. Кабарда жарылууда бир кишинин каза болгондугу, үч кишинин жаралангандыгы тууралуу маалымат берилди. Кол салууну аткаргандар тууралуу кенен маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар