АКШдагы куралдуу кол салуунун кесепети

АКШда бир супермаркетке куралдуу кол салуу болду.

1606422
АКШдагы куралдуу кол салуунун кесепети

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Колорадо штатындагы бир супермаркетке болгон куралдуу кол салуудан каза тапкандардын саны 10го жетти.

Боулдер полиция департаменти, Боулдер шаарындагы супермаркетке кол салууда каза болгондордун саны 10го жеткенин кабарлады.

Кылмышкер окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлерине ок чыгарып бир полиция көз жумду.

Жетекчилер кол салуу боюнча иликтөө баштады.

Азырынча ким экендиги билдирилбеген кол салгыч болсо камакка алынды.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Твиттердеги баракчасынан АКШнын президенти Жо Байденге куралдуу кол салуу жөнүндө маалымат берилгендигин билдирди.



Тектеш кабарлар