Венгриянын тышкы иштер министри: «ЕБ Түркияга убада кылган 6 миллиард еврону төлөшү керек»

Петер Сиярто ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин пресс-конференция өткөрдү.

1606125
Венгриянын тышкы иштер министри: «ЕБ Түркияга убада кылган 6 миллиард еврону төлөшү керек»

Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сиярто, Европа Биримдиги (ЕБ) менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп: «ЕБ, келишим боюнча Түркияга убада кылган 6 миллиард еврону төлөшү керек», деди.

Петер Сиярто өзү катышкан ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин пресс-конференция өткөрдү.

Сиярто учурда ЕБнин коопсуздугу Түркиянын коопсуздугуна көз каранды экендигин белгилеп: «Түркияда 4 миллион качкын жашайт. Эгерде Түркия бул качкындарды кармоону уланта бербесе жана аларды кое берсе, анда ЕБ ушундай кризиске туш болот. Биринчиден Евробиримдик келишимдин алкагында Түркияга убада кылган 6 миллиард еврону төлөшү керек»,- деди.

ЕБ менен Түркиянын ортосундагы бажы келишиминин да жаңыланышы керектигин баса белгилеген Сиярто: «Түркия дүйнөнүн эң күчтүү 20 экономикасынын катарына кирет, ошондуктан бул келишим ЕБнин кызыкчылыгына жооп берет»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар