Саманчынын жолу жылдызынын 12 жылга созулган эмгектен кийин панорамалык сүрөтү даярдалды

Мозаика техникасын колдонгон Метсавайнио 16-мартта 20 миллион жылдызды камтыган панорамалык сүрөттү тартты.

1606104
Саманчынын жолу жылдызынын 12 жылга созулган эмгектен кийин панорамалык сүрөтү даярдалды

Финляндиялык астрофотограф Дж.П.Мецавайнио 12 жылдык эмгектен кийин саманчынын жолунун панорамалык сүрөтүн даярдады.

Мозаика техникасын колдонгон Метсавайнио 16-мартта 20 миллион жылдызды камтыган панорамалык сүрөттү тартты.

Дж.П.Мецавайнио өз изилдөөсүндө Түндүк Финляндияда Түндүк уюлдун айланасындагы обсерваторияда бир катар модификацияланган камера линзаларын жана телескопторун колдонгон.

Метсавайнио обсерваторияда 1 250 саат экспозиция убактысын өткөргөнүн жана алынган саманчынын жолу панорамалык сүрөтүнүн 100 000 пикселдүү экендигин билдирди. 

Мецавайнио 12 жылдык иши тууралуу кенен түрдө ‘astroanarchy.blogspot.com аттуу жеке блогунда бөлүшкөнүн жана 16 – марттан тарта  блогго болжол менен 750 миң адамдын киргендигин  маалымдады.



Тектеш кабарлар