Израиль палестиналыктарды камоого алды

Израиль күчтөрү түнкү сааттарда Чыгыш Кудстун Эски Шаар аймагы менен Батыш Шерианын Ел  -  Халил шаарында тинтүү жүргүздү.

1606093
Израиль палестиналыктарды камоого алды

Израиль күчтөрү оккупацияга алган Чыгыш Кудс менен Батыш Шериада 13  палестиналыкты камоого алды.

Палестина расмий агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда Израиль күчтөрү түнкү сааттарда Чыгыш Кудстун Эски Шаар аймагы менен Батыш Шерианын Ел  -  Халил шаарында тинтүү жүргүздү.Бул тинтүүлөрдө 13 палестиналык камалды.

Оккупация астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат – бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү дооматтар менен палестиналыктарды камоого алууда.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста кадимки абалга келген камоолордон кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардан айрымдары көптөгөн күн камоо борборунда кармалууда.

 



Тектеш кабарлар