Японияда болгон жер титирөөдө 9 адам жаракат алды

Термелүүдөн кийин берилген цунами эскертүүлөрү бир канча убакыттан   кийин алып салынды.

1605917
Японияда болгон жер титирөөдө 9 адам жаракат алды

Япониянын түндүк чыгышындагы Мияги провинциясында күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны 9га жетти.

NHK коомдук телекөрсөтүүсүнүн айтымында, 20-март ишемби күнү өлкөнүн Тохоку аймагындагы Мияги штатында болгон жер титирөөдөн 9 адам жаракат алды.

Миягинин Ошика жарым аралынын 20 километр жакындарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:09да жердин 60 километр тереңдигинде жер титирөө болгон.

Жер титирөө Тохоку аймагындагы Аомори, Иватэ, Фукусима, Акита, Ямагата жана борбор Токио жана анын тегерегиндеги штаттарда сезилген.

Термелүүдөн кийин берилген цунами эскертүүлөрү бир канча убакыттан   кийин алып салынды.



Тектеш кабарлар