Англиядагы демонстрация зомбулукка айланды

Мыйзам долбооруна каршы жүздөгөн адамдар Бристоль шаарынын борборуна чогулушуп, Бридвелл полиция бөлүмүн көздөй бара жатышкан.

1605737
Англиядагы демонстрация зомбулукка айланды

Англияда полицияга нааразычылык акциясына кийлигишүүгө көбүрөөк ыйгарым укук берген мыйзам долбооруна каршы Бристоль шаарында өткөрүлгөн демонстрация зомбулукка айланды.

Мыйзам долбооруна каршы жүздөгөн адамдар Бристоль шаарынын борборуна чогулушуп, Бридвелл полиция бөлүмүн көздөй бара жатышкан.

Полиция кызматкерлери полиция бөлүмүнө келгенден кийин мыйзам долбоорун алып салууну талап кылган демонстранттарга кийлигишишти.

Полицияга каршылык көрсөткөн демонстранттар полиция бөлүмүнүн терезелерин таш бараңга алып, полицияга салют менен жооп беришти.

Демонстранттар ошондой эле полиция бөлүмүнүн алдында жана жанында турган полициянын эки фургонун өрттөштү.

Эвон жана Сомерсет Полиция федерациясынын башчысы Энди Ребак окуялар учурунда бир полиция кызматкеринин колдору менен кабыргалары сынганын билдирди.

Англия жана Уэльс Полиция федерациясынын башчысы Жон Аптер болсо окуяларды «коркунучтуу» деп мүнөздөп, «Айрым полиция кызматкерлери катуу жаракат алышты, полиция унаалары жабыркады, полиция бөлүмүнө кол салуу болду»,-деди.



Тектеш кабарлар