Түндүк Корея Малайзиядагы элчилигин жапты

Саат 11: 00дө элчиликтин имаратынан чыккан автобус Эл аралык Куала-Лумпур аэропортуна жөнөдү.

1605278
Түндүк Корея Малайзиядагы элчилигин жапты

Малайзияда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00 чамасында кызматкерлерди алып кетүү үчүн автобус басма сөз кызматкерлеринин келишине жол бербөө үчүн полиция тосмосу орнотулган Куала-Лумпурдагы элчиликтин имаратына барды.

Саат 11: 00дө элчиликтин имаратынан чыккан автобус Эл аралык Куала-Лумпур аэропортуна жөнөдү.

Малайзиянын Жогорку соту 2019-жылдан бери өлкөдө камакта жаткан Түндүк Кореянын жараны Мун Чол Мёнг арам акчаны адалдаган деген айып менен сот жообуна тартылып, АКШга депортацияланышына чечим чыгарылган.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги 19-мартта жасаган билдирүүдө Малайзия сотунун чечимине каршылык көрсөтүлүп, «Малайзия менен дипломатиялык мамилелер үзүлдү» деп жарыяланган.

Ошол эле күнү Малайзиянын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Кореянын билдирүүсүн айыптап, Түндүк Корея элчилигинин кызматкерлеринен жана алардын үй-бүлөлөрүнөн 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү суранган.

 

 



Тектеш кабарлар