Украина мурунку президент Виктор Януковичке санкция салды

Украинанын Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Кеңеши Украинанын мурунку президенти Виктор Януковичке жана ошол кездеги айрым мамлекеттик жогорку кызмат адамдарына санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алды.

1605027
Украина мурунку президент Виктор Януковичке санкция салды

Украинанын Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Кеңеши Украинанын мурунку президенти Виктор Януковичке жана ошол кездеги айрым мамлекеттик жогорку кызмат адамдарына санкцияларды киргизүү чечимин кабыл алды.

Коопсуздук кызматы жасаган билдирүүдө кеңешке Януковичке жана мурдагы премьер-министр Микола Азаровго, мурдагы коргоо министри Павло Лебедевге, мурдагы билим берүү министри Дмитро Табацникке жана ошол мезгилдин айрым башка аткаминерлерине экономикалык санкциялар сунушталганы билдирилди.

Билдирүүдө улуттук коопсуздукту түзүүнүн Украинага чыккынчылык кылган адамдарды жоопко тартуу керектиги белгиленип : «2014 -жылы ал мезгилдин мамлекеттик жетекчилери Россиянын басып киришине жол беришкен. Ошондуктан алар жооп бериши керек»,- деп билдирилди.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов жогоруда аталган адамдарга карата санкциялык чечим кабыл алышкандарын маалымдады.

Өлкөдө Европа Биримдигинин тарапташтары 2013 -  жылы 21 -  ноябрда Янукович башкаруусунун Европа Биримдигинин өнөктөштүк келишими тууралуу сүйлөшүүлөрүн токтотуусу менен Киевдеги Көз карандысыздык аянтында нааразычылык акциялары башталып, митингдерде 106 киши каза болгон.

Нааразычылык күчөп, Янукович 2014-жылдын 22-февралында Орусияга качып кеткен.

Януковичти 2017 - жылы соттой баштаган Украина соту 2019 - жылы мурунку президентти "мамлекетке чыккынчылык кылуу" жана "Украинага кол салууга жардам берди" деген негиз менен 13 жылга эркинен ажыраткан.



Тектеш кабарлар