Борис Жонсон  Oxford-AstraZeneca вакцинасын алды

Британияда биринчи доза вакцинасын алгандардын саны 26 миллион 250 000ден ашты.

1605015
Борис Жонсон  Oxford-AstraZeneca вакцинасын алды

Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон  кээ бир Европа өлкөлөрү колдонууну токтоткон Oxford-AstraZenecaнын Ковид  - 19  вакцинасын алды.

56 жаштагы Жонсонго вакцинанын биринчи дозасы өткөн жылы апрель айында коронавирус жуктургандан кийин реанимацияда дарыланган борбор шаар Лондондогу Саинт Томас ооруканасында берилген. Ооруканадан чыкканда журналисттерге маалымат берген премьер  - министр : «Эч нерсе сезген жокмун, ошондуктан абдан мыкты жана абдан ылдам болду»,- деди.

Чакырылгандардын баарынын вакцина алышын каалаган британиялык премьер  - министр : «Сиздер үчүн, үй  -  бүлөңүздөр жана башка баары үчүн эң мыктысы бул. Бир гана мени укпаңыздар, окумуштууларды угуңуздар. Европа Биримдиги дары  - дармек агенттигин угуңуздар. Британиянын дары-дармектер жана саламаттыкты сактоо өнүмдөрүн көзөмөлдөөчү органынын айткандарын угуңуздар»,- деди.

Ошол эле учурда Британияда биринчи доза вакцинасын алгандардын саны 26 миллион 250 000ден ашып, Ковид   - 19 дан каза болгондордун санында төмөндөө болууда.

Ковид  - 19га каршы иштеп чыгарылган Oxford-AstraZenecа айрым өлкөлөрдө кандын уюп калышына жол ачып жана тамырлардын окклюзиясы менен  өпкө эмболиясы сыяктуу абалдарга себеп болушу мүмкүн деген шектенүү менен убактылуу токтотулган болчу.

ДСУ Европа Биримдиги дары  - дармек агенттиги жана Британия дары – дармек жана саламаттык сактоо продукцияларын  жөнгө салуу агенттиги вакцинанын пайдаларына караганда коркунучунун дагы көп экендигин белгилеген.



Тектеш кабарлар