Сомалиландда өрт чыкты
Сомалиланддын борбор шаары Харгейсада окуу жайда өрт чыгып 49 адам жаракат алды.
1597295
Сомалинин автономиялуу аймагы Сомалиланддын борбор шаары Харгейсада окуу жайда өрт чыгып 49 адам жаракат алды.
Сомалиланд өрт өчүргүч уюму берген маалыматта Диний эмгектер институтунда өрт чыгып 40 аял жана 8 эркек менен бир өрт өчүргүч кызматкеринин жаралангандыгын жарыялады.
Институтта билим алган жүздөгөн студенттин Сомалиланд өрт өчүргүчү тарабынан куткарылгандыгы билдирилип, өрт чыккан ирмараттын 2 кабаттуу жана 20 бөлмөлүү экендиги, ичинде бир мечиттин да бар экендиги маалымдалды.
Полиция өрттүн эмне себептен чыккандыгын изилдөө үчүн териштирүү иштерин баштатты.
Тектеш кабарлар
АКШдан ирандык компания жана кишилерге санкция
АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө кеңсеси (OFAC) билдирүү жасады.