Сирияда жарылуу болду

Жарылууда 18 киши каза болуп, 3 киши жаракат алды.

1597284
Сирияда жарылуу болду

Сирияда Башар Асад режиминин көзөмөлүндөгү  Хама облусунун чыгышында мина жарылып 18 киши каза болуп, 3 киши жаракат алды.

Режимдин маалымат агенттиги САНАнын кабарына караганда өлкөнүн ортоңку бөлүгүндө Хама облусунун чыгышындагы Селемиййе районунун Вади ел  -  Азип аймагында эки мина жарылды.

Кабарда жарылууда 18 кишинин каза болгондугу, 3 кишинин да жаралангандыгы билдирилди. Жарылуу болгон  аймак Асад режиминин армиясы жана Иран колдогон чет элдик террористтердин көзөмөлүндө.



Тектеш кабарлар