Израиль күчтөрү палестиналыктарды камоого алды
Израиль күчтөрү басып алынган Батыш Шериа менен Чыгыш Кудстун түрдүү аймактарында жасаган тинтүүлөрдө 18 палестиналыкты камоого алды.
Израиль күчтөрү басып алынган Батыш Шериа менен Чыгыш Кудстун түрдүү аймактарында жасаган тинтүүлөрдө 18 палестиналыкты камоого алды.
Палестина туткундар жамаатынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль аскерлеринин түнкү сааттарда Батыш Шерианын айрым аймактарында тинтүү жүргүзгөндүгү билдирилди. Бул тинтүүдө 12 палестиналыктын түрдүү негиздер менен камоого алынгандыгы билдирилди.
Бир тараптан Палестина расмий маалымат агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда Израиль полициясы басып алган Чыгыш Кудстун Бейт Даккус аймагы менен Шуафат качкындар лагеринен 6 палестиналыкты камоого алгандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет
НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.