ЙПГ / ПКК террористтери бул ирет Баб шаарын бутага алды

ЙПГ / ПКК террордук уюму, «Евфрат калканы» операциясы менен Баб районунун террордон тазаланган Хазван жана Сусян айылдарына оккупацияда кармаган Тель Рыфат аймагынан кол салды.

1596611
ЙПГ / ПКК террористтери бул ирет Баб шаарын бутага алды

Жикчил террордук уюм ЙПГ / ПКК басып алган Тель Рыфаттан Сириянын түндүгүндөгү Баб шаарын бутага алган минометтук кол салууларда бир адам жаракат алды.

«Евфрат калканы» операциясы менен Баб районунун террордон тазаланган Хазван жана Сусян айылдарына ЙПГ / ПКК террордук уюму оккупацияда кармаган Тель Рыфат аймагынан кол салды.

Карапайым калк жашаган аймактар ​​9 өзүнчө миномёттук кол салууга дуушар болуп, 1 жаран жаракат алды.

Түрк куралдуу күчтөрү террористтер уя салган позицияларга гаубица атуулары менен жооп берди.

«Зайтун бутагы» операциясы менен Афринден чыгарылган ЙПГ / ПКК, райондун түштүк-чыгышындагы Тель Рыфат аймагында оккупациясын улантууда.

Бул аймакта жайгашкан террордук уюм Сириянын Улуттук армиясы (СУА) көзөмөлдөгөн калктуу конуштарды тез-тез бутага алат.

Түркия тарабынан жүргүзүлгөн  «Тынчтык булагы» операциясы учурунда Түркия менен меморандумга кол койгон Орусия террордук уюмду Тель Рыфаттан чыгарууга убада берген.



Тектеш кабарлар