Папа Иракта Систени менен жолугушту

Папанын Нежефтен кийин Насирийедеги байыркы шаар Ур шаарына барышы күтүлүүдө.

1596167
Папа Иракта Систени менен жолугушту

Католиктердин диний лидери Папа Франциск Ирак сапарынын негизинде шииттердин  улуу диний лидери Али ес -  Систани менен жолугушту.

Ирак расмий маалымат агенттигинин билдиргенине караганда папа отурган унаа конвоюу Нежеф аэропортунан Систанинин үйүнө барды. Систани менен папанын жолугушуусу Систанинин үйүндө башталды.

Папа Франциск кечээ борбор шаар Багдатта премьер  - министр Мустафа ел  -  Казыми жана президенти Бехрем Салих менен  жолугушкан. Католдиктердин руханий лидери Багдатта Сеййидетүл Нежат чиркөөсүнө барды.

Папанын Нежефтен кийин Насирийедеги байыркы шаар Ур шаарына барышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар