Папа Франциск сапарын Ур шаарында улантууда

Ур шаарында папаны мусулман жана христиан дин адамдары тосуп алышты.

1596237
Папа Франциск сапарын Ур шаарында улантууда

Католиктердин диний лидери Папа Франциск Ирак сапарын Азырети Ибрахимдин туулган жери экендигине ишенилген Зикар аймагындагы Ур шаарында улантууда. Ур шаарында папаны мусулман жана христиан дин адамдары тосуп алышты. Папанын шаарга келишинде жергиликтүү фольклордук күүлөр жана диний ырлар аткарылды. Папанын өлкөнүн түштүгүндөгү байыркы Ур шаарына зыяратка барары күтүлүүдө.

Папа Франциск Ур шаарына баргандан мурда Нежефте шииттердин лидери Али ес  - Систани менен жолугушкан. Жолугушуу Систанинин үйүндө өттү.

Папа кечээ борбор шаар Багдатта премьер  - министр Мустафа ел  - Казыми жана президенти Бехрем Салих менен жолугушкан. Католиктердин руханий лидери "Багдатта Сеййидетүл Нежат  чиркөөсүнө да барган. 

 



Тектеш кабарлар