Мобилдик оюндарда өткөрүлгөн убакыт

Сурамжылоого катышкандардын 67 пайызы мобилдик оюндарды жумасына 3 сааттан ашык ойной тургандыктарын билдиришти.

1596246
Мобилдик оюндарда өткөрүлгөн убакыт

Ар бир 100 адамдын 42си күнүнө жок дегенде бир жолу мобилдик оюндарды ойношот.

Дүйнөдөгү эң ири мобилдик жарнама платформаларынын бири AdColony тарабынан 1250 катышуучу менен Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка аймагында жүргүзүлгөн изилдөөгө караганда, катышуучулардын 88 пайызы мобилдик оюндарды ойносо, 42 пайызы болсо күнүнө бир жолу мобилдик оюндарды ойношот.

Сурамжылоого катышкандардын 67 пайызы мобилдик оюндарды жумасына 3 сааттан ашык ойной тургандыктарын билдиришти.

Изилдөөдө коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын айынан мобилдик оюндар акырындык менен жаңы социалдык медиа платформаларына айланып баратканы айтылды.

Сурамжылоого катышкандардын 83 пайызы мобилдик оюндарды ойноп жатканда жакшы маанайда экендигин билдирсе, 47 пайызы бош убактысын көңүлдүү өткөрүү үчүн мобилдик оюндарды ойношкондорун белгилешти.

Катышуучулардын 71 пайызы колдонуучулар демилгелеген жарнамаларда кездешкен өнүмдү же брендди көбүрөөк эстей тургандыктарын билдиришкен, ал эми 72 пайызы болсо мындай жарнамаларга жылуу карагандарын айтышты.

Катышкандардын 36 пайызы мобилдик оюндардагы жарнамалар аларды башка платформалардагы жарнамаларга караганда көбүрөөк соода кылууга түрткү берсе, 66 пайызы түздөн-түз мобилдик жарнамадан продукт же кызмат сатып алгандарын билдиришти.

Белгилүү болгондой мобилдик оюндарды жаштар гана ойнобойт. Түркиядагы чоңдордун 79 пайызы мобилдик оюндарды ойногондорун белгилешти.

Бул чоңдордун 81,7 пайызы аялдар, 76,5 пайызы эркектер. Учурдагы маалыматтар көрсөткөндөй, Түркиядагы интернет колдонуучулардын 84 пайызы жок дегенде бир шайман менен мобилдик оюндарды ойношот.



Тектеш кабарлар