Бельгия ДЕАШ мүчөлөрүнүн балдарын кайтарып алат

Бельгия Сириядагы лагерлерде жашап жаткан ДЕАШ мүчөсү жарандарынын балдарын ала тургандыгын жарыялады.

1596245
Бельгия  ДЕАШ мүчөлөрүнүн балдарын кайтарып алат

Бельгия Сириядагы лагерлерде жашап жаткан ДЕАШ мүчөсү жарандарынын балдарын ала тургандыгын жарыялады.

Премьер  - министр Александр Де Кру  парламентте сүйлөгөн сөзүндө : «Улуттук Коопсуздук Кеңеши балдарды өлкөлөрүнө кайра жиберүү процессин ырастады. Жаш чеги 12 деп белгиленди»,- деди.

Балдар  Ал  -  Хол лагеринде калууну уланта турган болсо «эртеңдин террористтери»  болорун айткан Де Кру  өзгөчө кээ бир энелердин да өлкөгө кайра кабыл алынышы мүмкүн экендигин бирок алар тууралуу иликтөөлөрдүн жүргүзүлөрүн белгиледи.

Чечимдин негизинде 30 – 50 баланын Бельгияга алып барылышы пландалууда.

Бельгия соту Сириядагы ДЕАШ мүчөлөрүнүн 10 баласын өлкөгө кайра алып барылышы тууралуу чечим чыгарган.

БУУ бул жылдын башында Сириянын түндүк чыгышындагы лагерлеринде калган 27 000 баланы өлкөлөрүнө кайтарууга чакыруу салган.



Тектеш кабарлар