2019 - жылы дүйнөдө 1 миллиард тоннадан ашуун тамак ысырапкечилиги болгон
БУУ жана WARP өкмөттөрдү азык-түлүк калдыктары боюнча көбүрөөк чараларды көрүүгө чакырууда.
2019 - жылы жалпы дүйнөдө 931 миллион тонна тамак - аш ысырап болду.
БУУнун Экология агенттиги тамак - аш калдыктары жана пластикалык булганууга каршы аткарган иштери менен билинген WRAP аттуу жарандык коом мекемелери менен бирге 2021 тамак аш ысырапкечилигинин индексин жарыялады.
Ушуга караганда 2019 - жылы жалпы дүйнөдө 931 миллион тонна тамак аш ысырапкерчилиги болду. Бул бири биринин артынан тизилген 23 миллион жүк ташуучу машина толгон тамак аш таштандысы деген мааниге келүүдө.
Отчетко караганда керектөөчүлөргө сунулган тамак аштардын бештен бир бөлүгү дүкөндөр, ресторандар жана үйлөрдөн түздөн түз таштандыга ташталууда. Башкача айтканда жалпы өндүрүшүн 17 пайызынын адам баласынын тамагына кирбестен таштандыга ташталышы демек.
Кээ бир азык-түлүктөр дыйкан чарбаларында жана камсыздоо тармактарында жоголуп баратат, ал эми изилдөөлөр көрсөткөндөй, өндүрүлгөн азык-түлүктүн үчтөн бир бөлүгүнүн таптакыр желбегендигин көрсөтүүдө.
БУУнун билдиргенине караганда таштандылардын көпчүлүгү үйлөрдөн чыгууда. Ысырапкерчиликтин 26 пайызы тамак - аш менен тейлөө секторунда жана 13 пайызы да чекене сатуучулардын колунда.
Тамак аш таштандылары маселеси өнүккөн өлкөлөрдө гана эмес, жакыр өлкөлөрдө дагы тө жогору.
Ушундай шартта БУУ жана WARP өкмөттөрдү азык-түлүк калдыктары боюнча көбүрөөк чараларды көрүүгө чакырууда.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.