Жаңы Зеландияда 8,1 баллдык жер титирөө болду

Улуттук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы цунами жөнүндө эскертүү берди.

1595498
Жаңы Зеландияда 8,1 баллдык жер титирөө болду

Жаңы Зеландиянын Кермадек аралына жакын жерде 8,1 баллдык жер титирөө болду.

Улуттук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (NEMA) билдирүүсүнө караганда, бүгүн түнү Түндүк аралдагы 7,1 баллдык жана Кермадек аралдарына жакын жердеги 7,4 баллдык жер титирөөлөрдөн кийин таңкы саат 8.28де Кермадек аралдарынын аймагында 8,1 баллдык үчүнчү жер титирөө катталды.

10 чакырымдай тереңдикте болгондугу кабарланган катуу жер титирөөдөн кийин цунами жөнүндө эскертүү берген NEMA, өлкөнүн жээк аймактарында жана деңизде цунами коркунучу бар экендигин жарыялады.

Биринчи толкундардын жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.49да Лоттин Пойнттун тегерегиндеги аймактарга жете турганын билдирген NEMA, жээктерде жашагандардын жогору жактарга кетиши керектигин эскертти.



Тектеш кабарлар