Йеменде террордук уюмдун жогорку мартабалуу жооптуусу кармалды

Аль Каиданын жогорку мартабалуу жооптууларынан Кабус бин Талибдин өкмөт күчтөрү жүргүзгөн операцияда кармалгандыгы белгиленди.

1595699
Йеменде террордук уюмдун жогорку мартабалуу жооптуусу кармалды

Йемендин чыгышындагы Хадрамевт аймагында террордук уюм Аль Каиданын жогорку мартабалуу жооптууларынан Кабус бин Талибдин өкмөт күчтөрү жүргүзгөн операцияда кармалгандыгы белгиленди.

Йемен армиясынан атын билдирүүнү каалабаган бир жетекчиден алынган маалыматка караганда коопсуздук күчтөрү Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн колдоосу менен Хадрамевттин эң чоң эки райондун бири болгон Сеюнда операция жүргүздү.

Оперцияда Аль Каиданын жооптууларынан Бин Талибдин кармалгандыгы белгиленди.

Бин Талибдин ымсынын Йемен армиясынын кызматкерлерин бутага алган айрым кол салууларда аталгандыгы билдирилди.

Коалиция күчтөрүнөн же Йемен мекемелеринен бул тууралуу расмий маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар