Ооганстанда ишканага куралдуу кол салуу болду

Нангархар полициясынын башчысы Жума Гүл Химметтин айтымында, белгисиз адамдар Сурхрод районундагы гипс чыгарган заводго кол салышкан.

1595097
Ооганстанда ишканага куралдуу кол салуу болду

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында гипс чыгаруучу заводго куралдуу кол салуу болуп, 7 жумушчу каза тапты.

Нангархар полициясынын башчысы Жума Гүл Химметтин айтымында, белгисиз адамдар Сурхрод районундагы гипс чыгарган заводго кол салышкан. Химмет кол салуудан 7 жумушчу каза болгонун жарыялады.

Нангархар провинциясынын Кеңешинин депутаты Нилүфер Азиз кол салуудан каза тапкан жумушчулар хазара шииттеринен экендигин жана бул кылмышты террордук уюмдар кылышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Акыркы мезгилде өлкө боюнча киши өлтүрүү кылмыштары көбөйдү.

Бүгүн эртең менен Нангархардын борбору Жалалабад шаарындагы мамлекеттик ооруканада иштеген аял дарыгер бомба чабуулунан каза болду.



Тектеш кабарлар